Таласта 3-кабаттан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды

 Таласта 3-кабаттан секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын Өмүрбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан аял киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, милиция кызматкерлери менен биргеликте секирген аялды одеял менен тосуп алып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Аялдын абалы канааттандырарлык.