Сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн жаран кармалды

2024-жылдын 24-январында милиция кызматкерлери тарабынан, коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен Бишкек шаарынан Чуй облусунда туулган Т.Р. аттуу жаран кармалган. Ал мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен издөөдө жүргөн.

Көзөмөл камералары бул жаранды издөөдө жүргөн адам катары тааныган.

Белгилей кетсек, Т.Р. аттуу жаран буга чейин дагы Чүй облусунун аймагында жайгашкан намазкандардын биринде уурулук кылганы, сырткы видеобайкоо камераларына түшуп калган.

Аталган иш боюнча тергөө иштери уланууда.