Депутат Эмил Жамгырчиев 1 айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 26-февралга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Мындай чечимди 24-январда Биринчи Май райондук сотунун нөөмөттөгү судьясы Миран Шерматов чыгарды.

Депутат бул чечимге каршы экенин, ошондой эле ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын жана ага коюлган бардык айыптар менен макул эместигин билдирди.

Белгилей кетсек, Эмил Жамгырчиев Ак үйдөн качып кеткенден кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат кармалбай турганын айткан.