Кыргызстандан Өзбекстанга жалган документтер менен 11 унааны алып өтүү аракети көрүлгөн 

 Бажычылар жалган документтери жана жасалма номер белгилери менен 11 унаа аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Достук” алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайы аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга жалган документтери жана жасалма каттоо номер белгилери менен 11 унааны алып өтүү аракети көрүлгөн.

Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 15 млн 683 миң 289 сомду түздү.

Чогултулган материалдар КБР МКЖ АМС катталып, КР мыйзамдарына ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.