Азия Кубогу – 2023: Кыргызстан Сауд Аравияга жеңилди 

 Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Аравия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрдү.

Оюн 2:0 эсебинде Сауд Аравиянын курамасынын пайдасына чечилди.

Беттеш Доха шаарындагы 45 миңден ашуун көрүүчү үчүн ылайыкталган “Ахмад бин Али” стадионунда өттү.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө “Ак шумкарлар” менен “Жашыл шумкарлар” деген лакап атка конгон Сауд Аравия курамасынын оюнчулары мыкты коргонуу ыкмаларын көрсөтүштү. Бирок оюндун 9-мүнөтүндө улуттук кураманын коргоочусу Айзар Акматов эреже бузганы үчүн кызыл айып кагазын алды. Ошентип улуттук курама команда биринчи таймды дээрлик толугу менен бир оюнчуга аз ойноду.

Биринчи таймдын 35-мүнөтүндө атаандаштар эсепти ачып, Сауд Аравиянын 23-номерде ойногон оюнчусу Мухамед Кано “Ак шумкарлардын” дарбазасына гол киргизди. Эсеп 1:0 Сауд Аравия астыда.

Оюндун экинчи таймында “Ак шумкарлар” коргонууну күчөтүп, сокку жасоого аракет кылышты, бирок жакшы жыйынтык болгон жок. Улуттук кураманын жарым коргоочусу Кими Мер да кызыл айып кагазын алды. Ал атаандаштардын жарым коргоочусуна каршы оюн эрежесин бузду. Калыс видео кайталоодон көргөндөн соң Меркке кызыл айып кагазын көрсөттү.

Муну менен Кыргызстандфн улуттук курамасы экинчи кызыл айып кагазын алды.

Экинчи таймдын жүрүшүндө “Жашыл шумкарлар” экинчи голду киргизүүгө жетишти. Ошентип оюн 2:0 эсебинде Сауд Аравия курамасынын пайдасына чечилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы 16-январда 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттешин Таиландга каршы өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калган.