Бишкектин Достук айылына жакын жерде кулаган тик учак кырсыгынан каза тапкан Жайыл Самудиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Маркумдун сөөгү бүгүн, 19-январда Бишкекте жерге берилет.
Белгилесек, 17-январда “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулаган. Кырсыктан экипаждын 1 мүчөсү каза болуп, дагы 10 адам жаракат алган.