Аялына зомбулук көрсөткөн киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Лейлекте аялына зомбулук көрсөткөн киши кармалып, жабырлануучуга коргоо ордери берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Лейлек районун Ак-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 34 жаштагы күйөөсү спирт ичимдигин ичип, мас абалда уруп, тепкилеп зомбулук көрсөткөнүн билдирген.

Келиндин арызы 138-берене (уруп-сабап кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жабыркаган келинге коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалып, ага зомбулук көрсөткөн жолдошу убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.