Президент стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди

 Президент Садыр Жапаров “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган инвестициялык долбоорлорду колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“мамлекеттик маанидеги долбоорлор – бул мамлекеттик башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган долбоорлор.”;

2) 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Мамлекеттик органдар улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында кепилдикке, инфраструктуралык, фискалдык, административдик колдоого негизделген мамлекеттик колдоонун комплекстүү ыкмасын, региондук долбоорлор үчүн преференциялык шарттарды пайдаланат.

3. Мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун ар бир демилгечисин (субъектин) ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга ылайык толук ишке ашырууга чейин координациялоо жана коштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо тартиби жөнүндө регламентти иштеп чыксын жана кабыл алсын;

– мамлекеттик органдарды жана алардын жооптуу кызмат адамдарын бекитүү менен улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегин бекитсин;

– ар бир улуттук инвестициялык долбоор жана мамлекеттик маанидеги долбоор боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлордун тизмегин бекитсин жана аларды ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликти жүктөсүн;

– Кыргыз Республикасынын Салык кодексине улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор үчүн преференцияларды берүү боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

– Кыргыз Республикасынын Жер кодексине улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди акысыз негизде жана өздөштүрүү каралган жер участокторундагы айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууну төлөбөстөн берүү бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.”;

3) 4-пунктта “мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун” деген сөздөр “мамлекеттик маанидеги долбоорлорду” деген сөздөргө алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.