Кызыл-Кыяда 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган жаран куткарылды

Кызыл-Кыяда 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү “101” кызматына бүгүн саат 14:52де түшкөн.

Айтылган дарекке үч куткаруучу барып, 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган 28 жаштагы Т.у.Б. аттуу шаар тургунун сүйлөшүү жолу менен жерге түшүрүшкөн.