Токмок шаарында дүкөнгө уруулукка аракет кылган жаран кармалды

2023-жылдын 26-декабрында саат 00:30 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Токмок шаарынын күзөт бөлүмүнүн пультуна кайтарууда турган дүкөндөн айгай белгиси келип түшкөн.

Башкаруу пультунун оператору ошол замат кармоо тобунун экипажына билдирүү берип, кайтаруудагы мекемеге Токмок шаарынын күзөт бөлүмүнүн кармоо алуу тобунун милиционерлери саналуу мүнөттөрдө келишип, окуя болгон жерде экипаж башчысы терезенин ачылышында темир тордун бүтүндүгүн бузулгандыгын байкаган.

Милиция кызматкерлери дүкөндүн ичинде белгисиз жаран бар экенин аныктап, ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегенин жана дүкөндүн имаратын бузулган терезе аркылуу таштап кетүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда кармалган адам милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, темир арматура жана отвертка менен кол салган.

Кармалган жарандын өздүгү аныкталып, алдын ала маалыматтар боюнча кармалган адам ууру “гастролер” деп аталган 1983-жылы туулган М.А.А., коңшу мамлекеттин жараны болгон.

Шектүү Токмок шаарынын ИИБнын ыкчам-тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Бул факт Токмок шаардык ИИБнын КБРне катталып, “уурулукка аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.