СӨМ: Тууну өзгөртүү жарандарды документтештирүүдө кошумча чыгымдарга алып келбейт

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги желектин өзгөрүшү менен паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы жок экенин, бул документтештирүү учурунда калк үчүн кошумча чыгымдарды алып келбей турганын билдирет.

““Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 1992-жылдын үлгүсүндөгү мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. Демек, жарандардын колундагы бардык улуттук паспорттор алардын жарактуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу жана алмаштырууну талап кылбайт”, – деп айтылат маалыматта.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен азыркы үлгүдөгү паспорттор түгөнгөнгө чейин берилет.

Белгилей кетсек, президент 22-декабрда Кыргызстандын туусун өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декбрында кабыл алынган.