​ Эки адам каза болуп, 9 жүргүнчү жабыркады. Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды 

 Ысык-Көл облусунда адам өмүрү менен коштолгон үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кырсык 17-декабрда болжол менен саат 10:30да Каракол – Түп автожолунда болгон. Эки айдоочу жеринде каза болуп, 9 жүргүнчү ар кандай жараат менен облустук жана Түп райондук ооруканаларына жеткирилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, Mazda Xedos автоунаасынын 27 жаштагы К.И. аттуу айдоочусу Караколду көздөй баратып, жолдун тайгалагына байланыштуу карама-каршы тилкеге чыгып, Каракол – Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү маршрутка менен кагышкан. Экинчи унааны 43 жаштагы Т.А. аттуу жаран башкарып бараткан.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өтө этият болууга чакырат:
Айдоочулар жолдордун айрым тилкелеринде тайгалагына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган ылдамдыкты тандап, аралыкты сактап, кооптуу унааны башкаруудан, өзгөчө каршы келе жаткан жол кыймылына каралган тилкеге чыгуудан алыс болушу керек.