1-январдан тарта Сулайман-Тоого желим баштыктар, желим бөтөлкөлөрдүү алып кирүүгө  болбойт

1-январдан тарта Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей комплексинин аймагына желим баштыктар, желим бөтөлкөлөр жана бир жолу колдонулуучу идиш-аяктар менен кирүүгө  болбойт. Бул тууралуу музейдин социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.

Белгиленгендей, бул тыюу айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын буйругуна ылайык киргизилген — тыюу өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарга, анын ичинде маданий жайларга да тиешелүү.