Бишкекте 398 граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты менен эки жаран кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2023-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында КБРге катталгандын алкагында атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары 2001-ж.т. Б.Э., 1980-ж.т. Э.Б. кармалган.

          2001-ж.т. Б.Э. аттуу жаранга таандык спорттук сумкасын текшерүү учурунда баңгизаттардын өзгөчө жыты бар төрт бурчтук формадагы 30 даана брикет табылган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 398 граммды түзгөн «гашиш» баңги каражаты болгон.

Учурда 2001-ж.т. Б.Э. жана 1980-ж.т. Э.Б. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.