Президент: Элдик курултай – мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу кубаттуу курал

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, 2023-жылдын 24-июлунда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынгандыгын эске салды. Анда Элдик курултайдын укуктук макамы, анын ишмердүүлүк принциптери жана делегаттарды шайлоо тартиби так көрсөтүлгөн.

“Аталган Конституциялык мыйзамды ишке ашыруу максатында, үстүбүздөгү жылдын 29-августунда “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгом. Жарлыкта Элдик курултайды өткөрүү күнү так белгиленген. Мына бүгүн Элдик курултайды салтанаттуу жагдайда ачып, жумурай журтка кайрылуу жасоо милдетимди аткарганы турам”, – деп, Элдик курултай – бул мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу кубаттуу курал экендигин баса белгиледи.

Президенттин пикиринде, көз караштар менен пикирлердин ар түрдүүлүгү шартында Элдик курултай улуттук маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана реформаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

“Элдик Курултайдын диалог куралы катары натыйжалуулугу анда айтылган пикирлер менен көтөрүлгөн маселелерге бийлик канчалык олуттуу мамиле жасап жатканы менен байланыштуу. Бүгүнкү улуттук жыйынга калк арасынан атаандаштык жол менен иргелип чыккан, коом турмушундагы көйгөйлөрдү жакындан жатык билген, аларды чечүү жолдору боюнча өздөрүнүн көз карашы бар чыныгы атуулдар, бардык администрациялык аймактар менен шаарлардын, эмгек мигранттары менен конфессиялык уюмдардын өкүлдөрү делегат болуп келишти деп ишенем”, – деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700гө жакын делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.