Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ички иштер министрлигине техникалык жардам көрсөттү

2023-жылдын 12-декабрында ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушуусу болуп өттү.

               Кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелеринде натыйжалуу өз ара аракеттенүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу максатында Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан техникалык жардам көрсөтүлдү.

               ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташуудагы ар тараптуу колдоосу, көмөктөшүүсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине компьютер, оргтехника жана полиция жабдуулары түрүндө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков өлкөлөр ортосундагы көп жылдардан берки жылуу коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылат деген ишенимин белгиледи.

Өз кезегинде Ду Дэвень айым КЭРдин Кыргызстандагы Элчилиги эки тараптуу мамилелерди мындан ары жемиштүү өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда болуп өттү.