«Альянс Алтын» – Кыргызстандагы 500 компаниянын ичинен салык төлөмдөрү боюнча 2-орунду ээледи

“Альянс Алтын” 2022-жылга карата салык төлөмдөрүнүн рейтингинде 500 компаниянын ичинен экинчи орунду ээледи.

 Мындай маалыматтар TOP 500 салык төлөөчү “Tazabek” журналынын  басылмасынын жаңы санында берилген.

Рейтинг Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча түзүлдү.

Белгилей кетсек, 2021-жылга карата салык төлөмдөрүнүн рейтингинде “Альянс Алтын” компаниясы алтынчы орунда турган. Бул көрсөткүч  ошол жылдын жазында алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканы жаңыдан ишке киргизгени менен түшүндүрүлөт.

Компания Жерүй алтын кенин иштетүүгө лицензияны 2015-жылы алган.

Андан бери Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 14,5 млрд сом (анын ичинде 2023-жылдын январынан ноябрына чейин 5,3 млрд) төлөгөн. Анын 10,5 миллиард сому алтын сатуудан түшкөн салыктар.

Жерүйдө алтын чыгаруучу фабрика ишке киргенден бери 11348,35 килограмм алтын өндүрүлгөн.

Анын ичинен 2021-жылы – 3007,852 килограмм, 2022-жылы – 4163,553 килограмм жана 2023-жылдын 1-январынан 11-декабрына чейин – 4176,945 килограмм.

2023-жылга фабрикада рудадан алтынды акырына чейин бөлүп алуу 90,97% түздү.

Учурда «Альянс Алтында» 866 кызматкер иштейт: 843 кыргызстандык, анын 742си Талас облусунан, 23ү чет элдиктер.

«Альянс Алтын» 367 адамды окутуп, алардын 224ү кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен ишканага жумушка орношкон.