Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКга камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи май райондук сотунун 25-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн айыпталуучу Б.Ж.А.га карата тергөө убагында, башкача айтканда 2023-жылдын 23-декабрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо боюнча өтүнүчү канааттандырылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулду.

Сотто маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 25-октябрындагы чечими менен айыпталуучу Б.Ж.А.га карата УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. тергөөнүн мөөнөтүнө, .

Маалым болгондой, экс-депутат КР Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча айыпталууда.

Мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Эскерте кетсек, 56 жаштагы Жаныбек Бакчиев “Бир бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.