Бомба туурлауу анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөткөн шектүүлөрдүн бири кармалды

КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибер топтун активдүү катышуучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул топ интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу жалган жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча буюртмаларды алуу менен алектенет.

Кармалган жаран 30-октябрында VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технология менен ИИМ катчылыгына Кыргызстандын соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Ошондой эле анын 18-июлда ГУМ соода борборундагы бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Мекеме өнөктөш чалгын органдары менен биргеликте анонимдүү билдирүүлөрдү тараткан башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандар мыйзамга ылайык жазаланарын кошумчалады.

УКМК мындай жосундарды жасаган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын эскертти.