4 килограммга жакын «Мефедрон» жана 425 кг. прекурсорлор алынып, Чүй облусунда дары лабораториясы жок кылынды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына жайылтылган синтетикалык баңгизаттарды колго жасоо менен алектенген жашыруун баңги лабораториясын жок кылуу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүшүп, жыйынтыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 килограмм 790 грамм «Мефедрон» психотроптук заттар жана 425 кг ашык прекурсорлор алынды.

Дарылар даярдалган дары лабораториясы Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашкан.

Андан киийн, 2023-жылдын 25-октябрында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн эки жараны 1999-жылы туулган Г.Д. жана 1994-ж.т. П.А. Синтетикалык препараттарды чыгаруу боюнча жер астындагы баңги лабораторияны уюштурган жарандар кармалды.

Тинтүү учурунда кампанын тиркемесинде жасалма баңгизаттарды колго жасоочу лаборатория үчүн жабдылган бөлмө табылган.

Баңги лабораториясында, салмагы 3 кг 790 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты салынган желим баштык, белгисиз суюктук толтурулган 25 канистр, ошондой эле атайын жабдуулар, бир нече аппараттар, насостор, таразалар табылган жана алынган, чака, колба жана ар кандай көлөмдөгү жана формадагы башка айнек идиштер алынган.

Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 425 килограммды түзгөн.

Ошентип жалпы суммасы 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлган.

Баңги лабораторияны уюштурган П.А. экени аныкталып, кампаны ижарага алгандыгы тастыкталган. Ал социалдык тармактар аркылуу синтетикалык баңгизатын өндүрүү үчүн материалдарды сатып алып алган. Андан кийин Г.Д. жаран менен биргеликте дагы бир дары лабораториясын ачууну көздөшкөн.

Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө абагына киргизилди.