Сузакта жолдун боюнан киши колдуу болгон сөөк табылган. Шектүүлөр кармалды 

Сузакта адам өлтүрүүгө шектүү катары жергиликтүү эки жашоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБге 40 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 17-октябрда Бишкек – Ош унаа жолунун боюнан 32 жаштагы бир тууган инисинин табылганын билдирген. Ал милиция кызматкерлеринен иниси кандай жагдайда каза болгонун аныктап, эгерде киши колдуу болсо кылмыш жасаган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1994-жылы туулган К.И. жана Баткен районунун тургуну 1988-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.