Кыргызстанга Европа жана Америкадан кезектеги туристтик поезд келди 

 Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарына Европа жана Америкадан туристтик поезддер келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтерди “Кыргыз темир жолу” МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар тосуп алышты.

“Жалпысынан № 926/925 турпоезд менен 72 жакын туристтер келишти. Бул туристтик эс алуу маршуртун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH туристтик компаниясы уюштурган”, – деп айтылат маалыматта.

“Кыргыз темир жолу” туристтердин каалоосун эске алуу менен № 926/925 турпоездге ишкананын “Люкс” жана “ВИП” вагондорун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берүүдө.

Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы жана тарыхый-маданий мурастары менен таанышып 28-октябрда Балыкчыдан Бишкек шаарына кайтышат. Мындан тышкары, туристер Бишкек шаарын кыдырып, 29-октябрда кызыктуу сапарын улантышат.