Манас районунда мал уурулукка шектелген адам кармалды.

2023-жылдын 24-октябрь күнү Талас облусунун  Манас районунун Май айылынын  тургуну 1960- ж.т. Б.Д. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда Май айылынын түндүк тарабында жайгашкан таалада 1  баш уюн аркандалып турган   жеринде жок болуп жаткандыгын билдирген. Аталган факт боюнча билдирүү Манас РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-бернеге ылайк кылмыш иши козголуп. Манас РИИБдин аймактык тескөөчүлөрдүн ыкчам иш алып баруунун натыйжасында 1992-ж.т.  Ош облусунун   тургуну  Н.А. уулу шектүү катары кармалып, Айтматов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө жана иликтөө иштери уланууда.