Бишкекте коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 6 чет элдик жаран камакка алынды

17-октябрда саат 01:10 чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда чет элдик жарандардын тобу коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, ошону менен жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин маалымат каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөп, жеринде милиция кызматкерлери тарабынан факты тастыкталып, чет мамлекеттин жарандары 1993-жылы туулган Ш.В.,1986-жылы туулган А.З., 1993-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган К.Ф., 1995-жылы туулган П.Н., 2001-жылы туулган Н.А., 1974-жылы туулган М.Н., 2000-жылы туулган М.Б., 1998-жылы туулган Н.А. райондук башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты боюнча райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан 6 чет элдик жаранга Бишкек ШИИББнын атайын убактылуу кармоочу жайына үч суткага камакка алуу чечими чыгарылып, алардын экөөсүнө 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле териштирүү учурунда 2001-жылы туулган Н.А. жана 1996-жылы туулган К.Ф. борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери экендиги аныкталган. Буга байланыштуу Бишкек ШИИББнын ЭММКАК кызматкерлери тарабынан окуудан чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлгөн.

Бишкек ШИИББ эскертет: Шаардын аймагында кылмыш жана укук бузууларды жасагандыгы, жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузгандыгы үчүн борбор калаанын жогорку окуу жайларынан бир тараптуу чыгаруу мүмкүндүгү жана атайылап жалган жалаа жапкандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылышы  мүмкүн.