Өзгөн борбордук базарындагы мыйзамсыз сатылып кеткен 87 млн.сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ош областынын  райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилкеси М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.
Жыйынтыгында, 87 млн. 57 миң сомго бааланган Өзгөн борбордук базарынын аймагандагы аянты 10 882,14 кв.м түзгөн жер тилке Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тарабынан тийиштүү мамлекеттик акты берилди