ИИМ: 2023-жылдын 9 ай аралыгында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 444 килограмм баңгизат алынды

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин БМЖКККнын 2023-жылдын 9 ай аралыгындагы жыйынтыгы боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

9 ай аралыгында ички иштер органдары тарабынан 1 миң 41 баңги кылмыштар катталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 444 килограмм баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 415 килограммга көп болду.

Анын ичинен алсак:

– синтетикалык баңгизаттар – болжол менен 150 килограмм, бул 2022-жылга салыштырмалуу 10 эсе көп;

– героин – 14 килограммдан жогору, бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,3 килограммга көп;

– гашиш – 140 килограммга жакын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1 килограммга көп;

– прекурсорлор (баңгизаттарды даярдоо үчүн компоненттер) 2022-жылга караганда  362 килограммга көп алынды.

Ички иштер органдары тарабынан баңги кылмыштарды ачуу пайызы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,5% га өскөн.

Ошону менен бирге, 59 Баңги топторунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 9 баңги лаборатория жоюлган, натыйжада баңги кылмыштуулуктун болжолдуу чыгымы 50 млн 578 миң АКШ долларын түзгөн.

Мындан сырткары, баңги кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 120 жаран кармалды.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев баңги лабораторияларды аныктоо жана жоюу, контрабанданы жана синтетикалык Баңгизаттарды таратууну токтотуу боюнча мындан аркы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Жыйынтыгында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөгү төмөн көрсөткүчтөрү үчүн ИИМдин БМЖКККнын 8 кызматкери ар кандай тартиптик жазага тартылды.