Кочкор районунун Ак-Кыя айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди 

Бүгүн, 19-октябрда Кочкор районунун Ак-Кыя айылындагы Ү.Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусунлагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин 150 орундуу, типтүү имараты президенттин курулушу көпкө созулган социалдык обьектилерди бүткөрүү иш-аракетинин натыйжасында бүткөрүлүп, ишке кирди.

Белгилей кетсек, мектептин 1953-жылы курулган мурдагы имараты 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген. 2015-жылы жаңы мектептин курулуш иши башталып, каражат толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш дээрлик 8 жылга созулган. Быйыл жетпеген каражаты каржыланып, республикалык бюджеттен 52 миллион сомго курулуп бүттү. Курулуш ишин “Имарат Строй” ишканасы жүргүздү.

Билим уясынын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров катышып, мектеп имараты акжолтой болуусун тилек кылды. Ошондой эле мектептеги окуу процессинен кабар алып, билим сапатын көтөрүү боюнча милдеттерди койду.