УКМК Пакистандын жарандарын чек арадан мыйзамсыз өткөрүүнүн уюштуруучусун кармады 

Мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна 1700 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын которуп жаткан учурда КР жараны Б.А.М. кармалды. Бул утуралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 11-октябрда УКМК тарабынан Пакистандын жарандарын Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу КР жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды.

2023-жылдын 12-октябрында “Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу” беренесиин негизинде кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын которууда, 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу КР жараны кармалды, алар Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.