КРнын Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кирүүгө ниеттенүүдө

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына (ИКУ АА) кирүүгө ниеттенип жатат.

Мындай чечим Стамбулдагы ассоциациянын Башкы ассамблеясынын жыйынына КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева катышкандан кийин КРнын Акыйкатчы институту тарабынан кабыл алынды.

Буга чейин Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын Башкы ассамблеясынын жыйынында Джамиля Джаманбаева ИКУ ААнын ишмердүүлүгүнүн алкагында адам укуктары жана эркиндиктери жаатында маанилүү демилгелер ишке ашырылганын белгилеген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жыйынга байкоочу катары катышты.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын ишмердүүлүгүнө кызыгуу менен байкоо салып турат, анткени Кыргызстандын көпчүлүк жарандары ислам динин тутунат. Жарандардын диний эркиндиктеринин укуктарын коргоо Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат”, – деп айтты жыйында Джамиля Джаманбаева.

Жыйынга Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин Акыйкатчылары катышты.

Жыйындын алкагында ИКУ ААга мүчө мамлекеттердин  улуттук укук коргоо уюмдарынын адам укуктары жаатындагы кызматташтыгынын маанилүү экендигин талкуулашты, ошондой эле Акыйкатчынын ишинин натыйжасын жогорулатыш үчүн диалогду улантуу зарылдыгын белгилешти.

Акыйкатчынын Түркияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында  КРнын Акыйкатчы институту аталган альянска кирүү чечимин кабыл алды, анткени ИКУ ААнын аянтчасында диний эркиндиктерге карата адамдын укуктарын коргоо боюнча маанилүү демилгелер талкууланат жана ишке ашырылат.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту жыйынга байкоочу катары катышты. Альянска кирүү менен Кыргызстандын Акыйкатчы институту ИКУ ААнын аянтчасында жарандардын дин тутунуу эркиндигин коргоо боюнча өзүнүн позициясын билдире алат”, – деп эсептейт Джаманбаева.

Азыркы учурда институт Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кириш үчүн расмий кайрылууну даярдап жатат.

Маалым кат

Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясы  (OICOA) 2014-жылы 29-апрелде Пакистандын Исламабад шаарында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Акыйкатчы институттарынын өз ара тыгыз кызматташтыгы үчүн  атайын макам менен түзүлгөн.

Ислам кызматташтык уюмунун өзү 1969-жылы 25-сентябрда Марокконун Рабат шаарында мусулман мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында негизделген. 2011-жылга чейин Ислам конференциясынын уюму деп аталып, андан кийин Ислам кызматташтык уюму деп аталышы өзгөртүлгөн.

Ислам кызматташтык уюму — эң ири жана эң таасирдүү расмий мусулман өкмөттөрүнүн расмий уюму.

Азыркы учурда ал жалпы 2 млрд  калкы бар 56 өлкөнүн башын бириктирип турат. Штаб-квартирасы Сауд Аравиясынын Джидда шаарында жайгашкан.

Кыргызстан 1992-жылы 1-декабрда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгон. Бирок Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган уюмдун байкоочусу болуп эсептелет.