Кара-Сууда мыйзамсыз менчиктештирилген 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 Кара-Суу районунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2014-жылы Ош облусунун район аралык сотунун чечими менен Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы 0,50 га жер тилкеси А.А. аттуу жарандын менчиги деп таанылган.

Аталган соттун чечимине Ош облустук прокуратурасы тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, анын кароосунун жыйынтыгында Ош облустук сотунун чечими менен жогорудагы район аралык соттун чечими жокко чыгарылган.

Облустук прокуратуранын прокурордук актысынын негизинде 7 млн 31 миң сомго бааланган 0,50 га жер тилкеси Жоош айыл өкмөтүнүн балансына алынды.