Бишкектин башкы архитектору 10 күнгө тергөө абагына киргизилди

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 10 күнгө УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу  Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин камакта болот. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкекбашкыархитектуранын башчысы мыйзамсыз жер берүү боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалды. Келтирилген зыян 8 миллион сомду түзөт.

Буга чейин Бишкекбашкыархитектура мекемесине  комментарий үчүн кайрылганда, директор 2-октябрдан бери өргүүдө экенин жана жуманын башынан бери жумушта көрүнбөгөнүн билдиришкен. Урмат Карыбаев 2022-жылдын июнь айында борбордун башкы архитектору болуп дайындалган. 2009-жылдан бери Кыргызстандын Архитекторлор союзунун мүчөсү.