Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн режиминде окуйт

Бишкекте 12-13-октябрда бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн режиминде иш алып барат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, онлайн режимине өтүү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын саммитине байланыштуу болот.

Борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаменти ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.