
Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 10 күнгө УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин камакта болот. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкекбашкыархитектуранын башчысы мыйзамсыз жер берүү боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалды. Келтирилген зыян 8 миллион сомду түзөт.
Буга чейин Бишкекбашкыархитектура мекемесине комментарий үчүн кайрылганда, директор 2-октябрдан бери өргүүдө экенин жана жуманын башынан бери жумушта көрүнбөгөнүн билдиришкен. Урмат Карыбаев 2022-жылдын июнь айында борбордун башкы архитектору болуп дайындалган. 2009-жылдан бери Кыргызстандын Архитекторлор союзунун мүчөсү.