Бишкекте баңгизатты катып жаткан жеринен шектүү кармалды

2023-жылдын 4-октябрь күнү саат болжол менен 22:20 чамасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кайтаруусунда турган мекеменин имаратын милиция кызматкери айлана-тегерегине кайгуул жүргүзүү учурунда, имараттын түштүк тарабына такси автоунаасы токтоп андан жашы болжол менен 20-25 чамасындагы  азиат улутундагы адам түшүп,  жөө адамдар басуучу жолдун жанында өскөн чөптөрдүн арасынан уюлдук телефондун жарыгын күйгүзүп алып бир нерсе издеп жатканын көрүп, шек жаралып басып барганда, ал адам жерден кичине желим баштыкчага салынган жашыл-көк түстөгү шектүү белгисиз затты алганын көрүп, аны кармап, полктун нөөмөт-бөлүмүнө билдирген.

Нөөмөт бөлүмү тарабынан окуя болгон жерге кармоо тобу келип, шектүү жаранды кармап турган учурда алардын жанына чоочун, жашы болжол менен 20-25теги азиат улутундагы адам келип, кармалган адамды таанышым болот эмне үчүн кармадыңар деп кайрылган, шектүү катары кармалды дегенде мен эч нерсе билбейм жөн эле таанышымын деп айткан.

Колунда шектүү зат менен кармалган Т.З.Э. телеграмм аркылуу 1500 сомго наркотикалык зат сатып алгам, өзүм чегип көрөйүн дегем деп түшүндүрмө берген.

Жогоруда шектүү катары кармалышкан адамдар Свердлов РИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.