Бишкек мэриясы жылдын аягына чейин кайсы көчөлөрдө автобус тилкеси уюштуруларын айтты

 Бишкек мэриясы жылдын аягына чейин кайсы көчөлөрдө автобус тилкеси уюштуруларын айтты

Муниципалитеттен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин шаардын төмөнкү негизги көчөлөрүндө атайын тилкелерди уюштуруу пландаштырылууда:

– Токомбаев көчөсү Н.Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
– Байтик Баатыр-Абдрахманов көчөлөрүндө Жибек – Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;
– Жибек-Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
– Манас проспектисинде Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
– Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;
– Ден-Сяопин проспектисинде Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
– Чүй проспектисинде 7-апрель көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
– 7-Апрель көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин.