Бишкекте автоунааларды уурдоого шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

29-августка караган түнү Бишкек шаарындагы Сыдыков көчөсүндө «Нива ВАЗ 21214» үлгүсүндөгү унаа уурдалган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы 2-октябрда билдиргендей, бул факт

боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (автотранспорт каражатын уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция тарабынан кылмышка шектелип 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран кармалды. Ал 1 айга 1-тергөө абагына киргизилди.

Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталган.

Тергөө учурунда кылмышка шектүү уурдалган башка унааларды каякка катканын көрсөткөн. Унаалар ээлерине кайтарылып берилди.