Бишкекте тез татымдан шаурма жеген 21 адам ууланды 

Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш Лаваш” жана “Мидос” тез татымдарынан шаурма жегендер ууланышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, массалык уулануудан 21 адам жабыркады. Белгиленгендей, 15 адам, анын ичинде 2 бала Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган 6 адам амбулатордук дарыланууда.

“Иликтөөнүн жүрүшүндө даяр шаурманын үлгүлөрү, ингредиенттер жана башкалар санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Тез татым жайына бузуулар үчүн 72 миң сом айып салынып, бузууларды жокко чыгарганга убактылуу жабылды.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектин мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл борборунда жапырт уулануу фактысы боюнча кеңешме өткөрдү.