Талас шаарынын тургунун “Глобустун” алдынан  жарадар кылган адам кармалды.

25-сентябрь күнү Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан “Глобус” соода борборунун алдынан  1980-ж.т. З.И. уулун белгисиз жаран капыстан  учтуу нерсе  менен сайып иизин жашырып качып кеткен. Натыйжада ал “Сол жактагы моюн омурткасынын кесилген жарааты” менен ооруканага түшкөн.

Аталган билдирүү Талас ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына  катталып, тергөөгө  чейинки текшерүү иши башталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37, 122-беренесинин “Адам өлтүрүү – башка кишинин өмүрүн бейбаштык максатта кыюуга – аракеттенүү” фактысы кылмыш иши козголгон.

Талас ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү  кармалган. Ал Талас шаарынын 1976-ж.т. Э. К. уулу экендиги жана ал учурда мас абалда болгондугу аныкталган. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, азыркы учурда тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.