Бишкектин мэриясы кечкисин жана түнкүсүн Түштүк магистралдагы автобустар үчүн чийилген сары сызык аркылуу автоунааларга жүрүүгө уруксат берет (саат 20:00дөн 07:00гө чейин)

Чечим кабыл алынганын бизге Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди. Эки жуманын ичинде идея ишке ашат.

Жыл соңуна чейин сары сызык Абдрахманов көчөсүнүн Түштүк магистралдан Жибек Жолуна чейинки бөлүгүндө пайда болот. Уезбаевдин айтымында, сызык үч тилкелүү жолдорго гана чийилет. Бири коомдук транспорт үчүн болсо, экөө автоунааларга багытталат.

Муниципалитет аталган көчөлөрдөгү жол чырактарды жөндөөдө. Келечекте “акылдуу” жол чырактарды орнотуу пландалууда.