Бишкекте эки жөө жүргүнчүнү унаа койдуруп кетти. Шектүү делип өспүрүм кармалды

Бишкек шаарынын Лермантов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан мектеп жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан адамдарды белгисиз айдоочу «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчүлөрдүн бири 8 жаштагы жаш өспүрүм К.А. ооруканага кайрылган.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, издөө ыкчам иштеринин жыйынтыгында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну 2006-жылы туулган Л.Н. экендиги аныкталып, айдоочу үйүндө жаткан жеринен алынып келип тергөо кызматына өткөрүлүп берилди, «Honda Stepwgn» унаасы айып короого киргизилди. Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан тийиштүү эксперитизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.