“Колдоонун артында ийгилик жаралды”. Айсулуу Тыныбекованын жеңиштен кийинки эмоциясы

Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болуп, тарых жараткан балбан Айсулуу Тыныбекова беттештен кийин сезимдери менен бөлүштү.

Ал жалпы команда алтын утабыз деген максат коюп барганын айтат.

«4 жыл мурда тарых жаратып биринчи алтынды алгам. 4 жылдан кийин дагы тарых жаратып жатабыз. Бул менин жеке медалым эмес. Мунун артында канчалаган эмгектер бар. Сүйүнүчүмдө чек жок. Бардык күйөрмандарыма, дүйнө жүзүндөгү кыргызстандыктарга, өлкө башчыга, федерациянын жетекчилигине, мүчөлөрүнө, биз менен чогуу жүргөн дарыгерлерге, машыктыруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, колдоонун, тилектердин артында ийгилик жараттык», – деди ал.

Балбан буга чейинки Дүйнө чемпионатында жеңилүүсүнөн кийин кайрадан максат койгонун айтат.