Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери мектептерде мугалимдер менен биргеликте иш алып барышууда

Жаңы окуу жылы башталгандан бери, бул күндөрү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы шаар ичинде орто билим берүү мекемелеринде кайгуул постторун жайгаштырып, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздуктарын камсыздашууда.

Айрыкча көчө боюнда жайгашкан мектептерде, жол чырактардын алдында, жөө өтмөктөрдө окуучулардын коопсуздугун алдын алып профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Ошондой эле мектептердин айланасында автоунаалардын тыгындарын жөнгө салып, тоскоолдук жаратып токтотулган автоунаалардын айдоочуларына айып протоколдорун ыйгарышат.

Мектеп окуучулар арасында жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу, коопсуз жол, жолдо коопсуздук эрежелерин үйрөтүп ачык сааттарды уюштурушуп, мектеп жамааты менен биргеликте ата-энелери менен жолугушууларды өткөрүшүүдө.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерден, окуучулар мектепке чейинки коопсуз жолду толук жаттап, өздөштүргөнгө чейин өздөрү коштоп алып келип, алып кетип турууну өтүнөт.