Айнагүл Токобаева “Кыргызфильмдин” директору болуп дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде Айнагүл Токтобаева Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул туралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айнагүл Токтобаева 1983-жылы Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) экономика факультетин аяктаган. Ошондон бери “Кыргызфильм” киностудиясында ар кандай кызматтарда эмгектенген жана 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле киностудиянын директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Ал бир катар Улуттук жана Эл аралык долбоорлордо продюсерлик кылып, “Кыргыз киносунун отличниги”, “Маданиятынын мыкты кызматкери” жана бир топ ведомстволук грамота жана дипломдор менен сыйланган.