Аялдын кулак-мурдун кескен эркекке өкүм чыгарган судья боюнча иликтөө жүрөт

Жогорку сот Бишкектин жака-белиндеги Селекционное айылында мурдагы аялынын кулак-мурдун кескилеген кишиге эмне үчүн былтыр пробациялык мөөнөт берилгенин түшүндүрдү.

Маалымат кызматы билдиргендей, Фемида өкүлдөрүнүн төрагасы Замирбек Базарбеков 36 жаштагы Аселдин иши боюнча ыкчам кеңешме өткөргөн.

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрындагы токтому менен А.Э. аттуу эркек кишиге карата А.Н. аттуу жабырлануучуну зордуктоо фактысы боюнча жабырлануучунун берген тосмо арызынын негизинде, сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкени жана ага карата доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.

Андан кийин келиндин мурдагы күйөөсүнө карата зордуктоо боюнча дагы бир кылмыш иши Сокулук райондук сотуна түшкөн.