2023-жылдын 21-сентябрында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын билдирүүсүнө жооп катары Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет:

Өлкөдөгү ун азыктарынын айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок. Эртең, 22-сентябрдан баштап КР ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 000 тонна буудай даны кампадан чыгарылат.

Ошондой эле, ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

📍“Ош” базары;

📍“Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы);

📍“Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши);

📍“Дордой фут” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

🔹жогорку сорт — 1 860 сом;

🔹1-сорт — 1500 сом;

🔹2-сорт — 1125 сом.

Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында “Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомдун долбоорун Министрлер Кабинетинин кароосуна алты айлык мөөнөткө буудай унуна жана аштык буудай данына киргизди.

Айыл чарба министрлиги тарабынан 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө бул программа бекитүү үчүн Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилген.