Кыргызстандын опера жана балет театры италиялык балет мектеби менен кызматташат

 А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры жана италиялык Nuovo baletto classico балет мектеби кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында опера жана балет театрынын башкы директору Алмаз Истамбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын балети үчүн италиялык кесиптештер менен кызматташтыкка кол коюлушу тарыхый окуя болду.

“Бүгүн бизде конокто италиялык Nuovo baletto classico балет мектебинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Лилиана Кози бар, ал СССРдин эл артисти легендарлуу Чолпонбек Базарбаевдин өнөктөшү болгону биз үчүн эки эсе кубанычтуу. Бул балет жаатындагы чоң жетишкендик. Бүгүн Лилиана Кози биздин артисттер үчүн мастер-класс өттү. Бизди келечекте солиттер менен алмашуу, гастолдор жана тажрыйба алмашуу жаатында өз ара кызматташтык күтөт”, – деди директор.

Италиялык балет мектебинин жетекчиси кошумчалагандай, бүгүнкү меморандум Кыргызстан менен Италиянын искусство жаатындагы иштерин бириктирет. “Бул балетти гана эмес, бардык искусствону коом үчүн сүйүү, анткени биз эл үчүн бийлейбиз”, – деди Лилиана Кози.