19-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомону алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы биринчи жолдомо.
Медет кызы 76 килограмм салмакта финалга чыкканга чейин төрт атаандашын утту. Алгач румыниялык Каталина Акцентени 11:0, 1/8 финалда беларустук Анастасия Зимиянкованы 10:0, чейрек финалда канадалык Жастина Динай Де Стасиону 11:0 жана жарым финалда колумбиялык Татиана Рентерианы 4:2 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып жеңди. 20-сентябрда жапониялык Юка Кагами менен алтын үчүн беттешет.
Айпери Медет кызы 24 жашта. 2021-жылы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. 2022-жылы Азия чемпиону болгон.
16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).