Орусия Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара боюнча кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү таратты. Мекеменин сайтындагы билдирүүдө Москва Бишкек менен Дүйшөмбүнүн чек араларын тактоо багыттындагы окуялардын өнүгүшүнө көз салып жатканы айтылат.

Маалыматта Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын стратегиялык өнөктөштөрү экенин белгилеп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин пикир келишпестигине жол бербөө жана жана аймактагы туруктуулукту сактоого кызыкдар экени айтылат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө “мурдагы советтик өлкөлөрдөгү чыр-чатактарга кызыкдар” деп Батышты айыптаган. Орусия Кыргызстан менен Тажикстанды чек ара боюнча кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды.

15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын” айткан жана “Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат койсо болорун” билдирген.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-сессиясынын алкагында жолугуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулады.