«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери унаа жолдун курулушуна жумшалган акчаны уурдашкан

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызматкерлери Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун курулушуна каралган акчаны өздөрүнө алып алышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган филиалдын кызмат адамдары тарабынан 1 миллион 900 миң сом мамлекеттик бюджетке кайтарылган.

Бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.