Ошто сел жана жамгырдан кийин таза суу берүү токтотулбайт

Ош шаарында сел жана жамгырдан кийин шаар тургундарына таза суу берүү токтотулбайт. Аталган маселе чечилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

img 5720 Ошто сел жана жамгырдан кийин таза суу берүү токтотулбайт

Маалыматка караганда, бүгүн, 31-августта Садыр Жапаров Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылган суу кампаны ишке киргизген. Суу кампасы 4 резервуардан туруп, алардын ар биринин көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин Ошто сел жана жамгыр учурунда Ак-Буура дарыясынан алынган суу ылайланып, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, суу кампанын курулушу менен аталган маселе чечилди.

Суу кампаны салууга 194 млн сом сарпталган.

img 5815 Ошто сел жана жамгырдан кийин таза суу берүү токтотулбайт
img 5791 Ошто сел жана жамгырдан кийин таза суу берүү токтотулбайт